«Канаттуу» баш кийимдер

Publié le: 13 février 2023
sur la chaîne: AigineCRC
406
10

1-февралда МИБ Айгиненин кеңсесинде «Кыргыздын салттуу баш кийимдери» аттуу биринчи кереге кеңеш болуп өттү. Талкууга кол өнөрчүлөр, салттуу билимиди алып жүрүүчүлөр, өнөрпоздор, манасчылар, изилдөөчүлөр катышты.

Жыйындын негизги маселеси – эркектердин жана аялдардын салттуу баш кийиминде канаттуулардын жүндөрүн жана канаттардын колдонулушунун мааниси жана себептери талкууланды.

Талкуу каралып жаткан маселенин ар кандай жактарын камтыган төрт баяндаманын негизинде болду. “Кийиз дүйнө” коомдук уюмунун жетекчиси, кол өнөрчү Айдай Асангулова жаш кыздардын баш кийимдеринде негизинен үкүнүн жүнү кара күчтөрдөн коргоочу тумар катары колдонулганы боюнча изилдөөсүнүн жыйынтыгы менен бөлүштү. Ошондой эле орто жаш аялдар үчүн элечектин сол тарабына үкүнүн жүнүн коомдук даражанын белгиси катары колдонулганын, жана тоостун жүнүн дөөлөтүн белгиси катары шөкүлөдө колдонулганын айтып кетти. Дизайнер жана изилдөөчү Миррахим Опош канаттуу баш кийимдердин руханий маанисине токтолду. Канаттарды биринчи кезекте шамандар жогорку мейкиндиктеги күчтөр менен байланышуу аракетинде колдонушканын айтты. Эркин журналист, кыргыз санжырасын изилдөөчү Шаакан Токтогулдун айтымында, кыз-келиндердин канаттуу баш кийимдери кыздарды тарбиялоодо, назиктикке үйрөтүүчү каражат болгонуна токтолду. Ал эми, “Эхо Манас” телекомпаниясынын жетекчиси, Темирбек Токтогазиев “Манас” үчилтигинин негизде, жоокерлердин баш кийимдериндеги канаттуунун жүндөрү кайсы бир аскерлик бирликке таандыктыгынын белгиси катары колдонулганын айтып өттү. Баяндамалар бай жана жемиштүү талкууга алып келип, маселени андан ары изилдөөгө жол ачты.

Талкуу Кыргызстандын түпкү элдеринин билимин байытуу боюнча жаңы демилгенин алкагында уюштурулуп, Бүткүл дүйнөлүк жергиликтүү илимий тармак (WISN) тарабынан колдоого алынган.


Sur cette page du site, vous pouvez voir la vidéo en ligne «Канаттуу» баш кийимдер durée heure minute seconde en bonne qualité , qui a été Téléchargé par l'utilisateur AigineCRC 13 février 2023, Partagez le lien avec vos amis et connaissances, sur youtube cette vidéo a déjà été regardée 406 fois et il a aimé 10 téléspectateurs. Bon visionnage!